У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


6-жолку. Бишкекте "Орхан Инанды табылсын" деген талап менен митинг өтүүдө


Бүгүн, 7-июнда өкмөт үйүнүн алдында "Орхан Инанды табылсын" деген талап менен 6-жолу митинг өтүп жатат. Анда чыккан талаптар эч бир сөз сүйлөбөй, колдоруна плакаттарды кармап чыгууну туура табышкан.
"Орхан Инанды табылсын" деген акциябыз уланып жатат. Бүгүн митингге чыккандардын эч бири сүйлөбөйт. Тек гана плакаттар менен чыгып, өз позициябызды билдиребиз. Орхан Инанды табыларына абдан ишенип турабыз", - деди митингди уюштуруучуларынын бири.

Эске салалы, 1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да "102" кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter