У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Курсан Асанов камакка алынышы мүмкүн…

 
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов камакка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова 24.kg агенттигине билдирди.
 
Анын айтымында, бүгүн, 26-январда Курсан Асанов суракка ИИМдин тергөө кызматына чакырылган. Ал жактоочунун катышуусуз суракка алынды. 
«Мен башка сот жараянында жүргөндө Курсан Асанов мага телефон чалды. Маалым болгондой, ал нөөмөттө турган жактоочунун катышуусунда сурак берген. Иш 2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандыкка байланыштуу”, - деди Таалайгүл Токтакунова.
 
Эске салсак, 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин Бишкекте башаламандык болуп, бийлик алмашкан. 5-6 октябрдагы башаламандыкка мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы-ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун катыштыгы бар экени айтылууда. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter