У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Орхан Инандыны таап берем деп акча алып алдап кеткен жаран кармалды


Үч күндөн бери дайынсыз болуп жаткан «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууга жардамдашам деп 50 миӊ доллар алып алдап кеткен жаран Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милиция башкармалыгы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, ал өзүн Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкеримин деп тааныштырган жана Орхан Инандыны табууга жардамдашууну убадалап Түркиянын М.А аттуу жаранынан 50 миң доллар жана Subaru Impreza автоунаасын алып, дайынсыз кеткен. 2-июнда Туркиянын жараны милицияга арыз менен кайрылган. Ал өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырып акча алып алдап кеткен белгисиз жаранга чара көрүүнү суранган. 
 
Аталган факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1994-жылы Ош облусунда туулган, убактылуу иштебеген, мурда соттолгон жаран кармалды.
 
Тинтүү учурунда анын жанынан Subaru Impreza унаасы жана 50 миң доллар табылган. Андан тышкары МПР үлгүсүндөгү октолгон тапанча болгон.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter