Алмазбек Атамбаевди №1 тергөө абагына которушту, ал ачкачылык жарыялады
- 26.10.2020, 18:06,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мурдагы президент Алмазбека Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө которушту, ал ачкачылык жарыяларды. Бул тууралуу экс-президент Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.
Анын айтканына караганда, экс-президент Алмазбек Атамбаевди мурда өлүм жазасы чыккан кылмышкерлер кармалуучу жертөлөдөгү камерага которушту.
"Атамбаев отурган камерага жылуулук бүгүн берилди. Ал жерде канализация иштебейт, эшиктери дайыма ачык турат. Алмазбек Атамбаев ачкачылык жарыялады",-деди Жоошев.