У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


А. Атамбаевдин жан сакчысы К. Сагынбаев коронавирус менен ооруп жатканы айтылды…



Мындай маалыматты КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева социалдык баракчасына жазып чыкты. 

«СИЗО-1 тергөө абагында коронавирус илдети бар болушу мүмкүн. Кой-Таш окуясы боюнча өткөн соттук отурумда экс-президент А. Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагынбаев ооруп жатканын айтты. Анда COVID-19 вирусунун симптомдору бар. Ал 3 күн мурда ооруп жатканы туурасында СИЗО-1 тергөө абагынын жетекчилигине кат менен кайрылган. Бирок эч кандай чаралар көрүлгөн эмес. 

Биз, бул жагдай боюнча тиешелүү чараларды көрүүсүн жана тергөө абагындагылардын бардыгын коронавирус илдетине тез арада анализ тапшыртуусун талап кылабыз. Эгер факты далилденсе ооруну жашыргандыгы үчүн ЖАМКтын жетекчилигин жоопкерчиликке тартуу керек. Бул деген кылмыш», - деп жазат ал.

Бул маалыматты ЖАМК четке кагып, "К. Сагынбаевдин атынан СИЗО-1 тергөө абагынын жетекчилигине эч кандай кайрылуу түшкөн эмес. Айыпталуучуларды соттук отурумга алып келерде текшерүүлөрдөн өткөрүп жатабыз. К. Сагынбаевди да текшердик, коронавирус илдетинин эч кандай симптомдору байкалган жок",- деп билдирди.  



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter