Жоошев: «Атамбаевди №1 тергөө абагына которгону жатышат»
- 02.09.2020, 15:55,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча айыпталып, учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган экс-президент Алмазбек Атамбаевди Бишкектеги №1 тергөө абагына которгону жатышат. Бул тууралуу Алмазбека Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Фейсбук баракчасын жазды.
«Алмазбек Атамбаевди №1 тергөө абагына которуу туура эмес. Мыйзам боюнча мурдагы президент жок дегенде УКМКнын тергөө абагында кармалышы керек. Анткени экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш иши аягына чыга элек»-деп билдирди Жоошев.