У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмазбек Атамбаев ооруканадан тергөө абагына которулду


Президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тергөө абагына которулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов маалымат каражаттарына билдирди.
 
“ Алмазбек Атамбаев тергөө абагына бүгүн, 9-июлда которулду. Саламаттыгына дарыгерлер күнү-түнү көз салып турушат. Атамбаевден коронавирус аныкталган эмес. Анын ден соолугу жакшы. Дарыгерлердин атайын консилиуму өтүп, Атамбаевдин ден соолугу жакшыргандыгына байланыштуу тергөө абагына которуу чечими кабыл алынган»,-деди ал. 
 
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 30-июнда эки тараптуу пневмонияга кабылып, тергөө абагынан ооруканага которулган эле. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter