Сапар Исаковду УКМКдан Бишкектеги 1-тергөө абагына которушту…
- 04.04.2020, 14:30,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мурдакы премьер-министр Сапар Исаковду УКМКнын тергөө абагынан Бишкек шаарындагы № 1 тергөө абагына которушту.
Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов: «Бул ЖЭБти модернизациялоо боюнча соттун чечиминин күчүнө киришине байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Сапар Исаков УКМКда кала берсе болмок», - деп билдирди.