У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Замандаш” партиясы Жогорку Кеӊешке депутаттыкка талапкерлердин тизмесин жарыялады


Бүгүн, 19-августта Бишкек шаарында “Замандаш” партиясынын курултайы болуп жатат. Анын жүрүшүндө партия атынан Жогорку Кеңешке депутаттыка талапкерлердин тизмеси жазылган 10 талапкердин аты жарыяланды.
 
 Курултайга Кыргызстандын бардык аймактарынан келген делегаттар катышты. Партия лидери Жеңиш Молдокматов иш-чаранын бардык катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, “Замандаш” баарынан мурда Кыргызстандын ичиндеги жана сыртындагы мекендештерден турган элдик партия экенин белгилеп өттү. Курултайдын башталышында, партияны негиздеген, маркум Муктарбек Өмүракуновго багышталып, куран окутулду. 

Талапкерлердин тизмесинин сап башында Жеңиш Молдокматов турат. Алгачкы ондукка киргендер
 
Жеңиш Молдокматов
 
Конов Дмитрий
 
Мелис Турганбаев
 
Чынара Шейшекеева
 
Умбеталы Кадыралиев
 
Капаров Мырза
 
Абдыкалыков Нурлан
 
Айсулуу Мамашова
 
Амракунов. Мавлян
 
Имамидин Ташов
 
Элмурза Сатыбалдиев
 
Ошондой эле, курултайда партиянын жаңыланган программасы презентацияланды. Ал 7 багыттан турат:
 
— Эл жыргалчылыгын камсыздаган мамлекет;
 
— Инновациялык өлкө;
 
— Жашыл экономика;
 
— Коопсуз өлкө;
 
— Дүйнөлүк кызматташууда татыктуу орун;
 
- Эркиндик;
 
— Элдик бийлик.
 
Программада инновациялык чечимдерди мамлекеттик деңгээлде ишке ашырып, өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтардын айкындуулугун жана эл менен эсептешүүсүн камсыздоо сунушталган. Себеби, мамлекеттин күчү анын элинде.
 
 “Замандаш” саясий партиясы 2007-жылы Мухтар Өмүракунов тарабынан негизделген. “Замандаш” өзүн центристтик саясий партия катары позициялап келет. Атамекендик жеңил өнөржай тармагына кошкон салымы менен белгилүү. Учурда партия дүйнөнүн 52 мамлекетиндеги 90 диаспора менен иштешип, Кыргызстандын коомдук жашоосуна жигердүү катышып келет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter