У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эртеӊ “Замандаш” партиясынын курултайы өтөт


2020-жылдын 19-август күнү, Бишкек шаарында жайгашкан Sheraton Bishkek мейманканасынын жыйындар залында “Замандаш” саясий партиясынын кезектеги ХIII партиялык курултайы болот. Жалпыга маалым болгондой 13 жылдык тарыхы бар бул жаратман партияга узак жылдан бери мамлекетке эмгегин сиңирип келаткан салмактуу саясатчылар, коомдук ишмерлер, ийгиликтүү ишкерлер ж.б ар кыл тармактын белдүү  ишмерлери топтолгон. Күн тартибинде төмөндөгүдөй үч маселе каралат:
          
— “Замандаш” саясий партиясынын программасын кабыл алуу
          
— “Замандаш” саясий партиясынын партиялык Кеңешин бекитүү
          
— Тизме боюнча добуш берүү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү.     
           
Бийликтин мыйзам чыгаруучу бутагында элдин көйгөйлөрүн ичинен билген, системалуу өзгөрүүлөрдү жана тигил же бул тармакты реформалоо жолдорун сунуштоого жөндөмдүү өкүлдөрдүн болушу зарыл. Бул өңүттөн алганда “Замандаш” саясий партиясы талапка так жооп берет десек болот. Кыргызстандын жакшылыгы, келечеги үчүн бир пикирге уюган, жүрөгү, пейили таза, билими  терең атуулдардын башы бир туунун алдына биригиши бул  – зор ийгилик!


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter