У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Темир Сариев «Бүтүн Кыргызстан» партиясына кошулду

«Жаңы дем» саясий альянсына кошулуп, кийинчерээк чыгып кеткен «Ак шумкар» партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 15-августта «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына кошулду.
 
Дагы бир катар партиялары: «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» партиясынын лидери Исхак Масалиев, «ЭрК» партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу, «Эгемен Кыргызстан» партиясынын лидери Бектур Асанов, «СССР» партиясынын лидери Ишенбай Кадырбеков, «Ак калпак» партиясынын лидери Улукбек Маматаев, «Улуу көч» партиясынын лидери Акат Момунов жана «Бүткүл жаштар» партиясынын лидери Чыңгыз Капаров «Бүтүн Кыргызстанга» биригүү тууралуу меморандумга кол коюшкан.
 
Мындан тышкары коомдук-саясий ишмер, парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков да «Бүтүн Кыргызстан» партиясына кошулганы белгилүү болду. 
 
Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев да «Бүтүн Кыргызстанга» кошуларын кабарлаган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter