Жогорку Кеӊеш шайлоо босогосун 9%тен 7%ге түшүргөн мыйзамды жактырды. Саясий аналитиктер быйылкы шайлоо капчык менен кадырды сынаган эӊ кымбат шайлоо болоорун айтышууда.
Ырасында, азыркы тапта бийликке болгон элдин ишеними өтө төмөн. Ошол эле кезде, шайлоодо жеӊишти камсыз кылат деген күчтүү оппозиция да жок. Демек, акча ресурсу чоӊ роль ойнойт десек жарашат. Анын үстүнө коронавирустун кесепетинен пайда болгон экономикалык каатчылык элдин каржыга болгон көзкарандылыгын тереӊдете турган болду. Бекеринен Жогорку Кеӊештин депутаты, «Бир бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов бир добуштун наркы 20 миӊ сомго чейин чыгат деп айтып жатпаса керек.
Бул жолку шайлоодо кайсы бир партия элдин эӊ жогорку ишенимине ээ болуп, көпчүлүк мандатты камсыз кылышы кыйын. Саясий күчтөр саясий альянс түзүп биригүүсү мезгил талабы. Өзгөчө бийликтин саясатына ичи чыкпаган сын көз караштагы саясатчылар, партия лидерлери амбицияларын жыйыштырып бир мунасага келип биригишпесе, ар бири өз алдынча жеӊишке жетиши мүмкүн эмес. Жанар Акаевдин «саясий топтор биригишибиз керек» дегенди айтып жатканында данек бар. Анткени, коомду артынан ээрчитип кете тургандай ишеним жараткан кадыры менен капчыгы бири-бирин толуктаган абройлуу саясий күч жок. Ар кимисинин партиянын лидери кайсы жактан экенине байланыштуу аймактык чакан электораты гана бар. Республикалык деӊгээлде эч кимге кошулбай ийгилик жаратчу партия азыркы кезде жок десек болот. Биринин репутациясы бузулса, биринин капчыгы жука, бири эл ишенген абройлуу лидерге муктаж.
Албетте, бийликтин деле абалы анчейин жакшы эмес. Бийлик 3 жылдан бери элдин үмүтүн актаган көзгө көрүнөөрлүк эч бир реформа жасай алган жок. Какаганга муштаган болуп коронавирус илдети бийликтин өлкөнү өнүктүрүүгө жөндөмсүз алсыздыгын ачыкка чыгарды. Ишеним жоголду. Мындан улам, кырдаалдын кескин курчуп, элдин колдоосунан ажырап баратканын сезген бийлик шайлоодо өзүнө ыӊгайлуу партияларды сүрөөнгө алып, Жогорку Кеӊешке өткөрүп алуу аркылуу, бошой түшкөн пайдубалын бекемдөөнүн камын көрүүдө.
Саясий чөйрөдө бийликтин камчысын чаба турган 4 партиянын аты жөн жеринен аталып жаткан жок. Башкача айтканда, президенттин иниси Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров көзөмөлдөйт деген «Биримдик» партиясы, президент канатына калкалап келе жактан Райым Матраимовдун «Мекеним Кыргызстан» партиясы, Шаршенбек Абыдкеримовдун Канат Исаев башында турган «Кыргызстан» партиясы, буларга азыркы тапта президенттин кудасы Алиярбек Абжалиев көмүскөдө кожоюндук кылып жаткан Бабановдун «Республика» партиясы (Мирлан Жээнчороев, Руслан Казакбаев партияга таасир эте албай калганы кеп болууда) бийликтин таянычы, тиреги катары Жогорку Кеӊештен орун алышы президент үчүн аба-суудай зарыл болуп турат. Булар менен башка партиялар каржылык жактан атаандаша алышпайт. Президент тымызын колдоого алып, административдик ресурс иштесе, парламентке келүүгө мүмкүнчүлүктөрү жогору.
Бул жагдайды аӊдап түшүнгөн, бийлик менен ымаласы жакшы эмес саясатчылар, саясаттын алчы-таасын жакшы билген партия лидерлери, амбицияларын жыйыштырып саясий альянс түзүп, бир муштум болуп шайлоого аттанышпаса, жеӊилүүгө учурап көчө таптап калышаары бышык.
Ошол себептен, Өмүрбек Текебаевдин «Ата Мекен» партиясы, Темир Сариевдин «Ак шумкар» партиясы, Жанар Акаев башында турган КЛДП (Кыргызстан либерал демократиялык партиясы) биригүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканы маалым болду. Ошондой эле, азыркы кезде саясатчылардын арасында рейтингги абдан жогору болгон Жогорку Кеӊештин депутаты Рыскелди Момбеков башында турган КСДПнын бир катар абройлуу мүчөлөрүн өздөрүнө тартуу аракети көрүлүүдө. Мындан сырткары, Адахан Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан» партиясын да альянска кошуу аракети көрүлүшү мүмкүн экени айтылып жатат.
Эгер, сүйлөшүүлөр оӊунан чыгып, бул саясий альянс максатына жетсе, шайлоочулардын добушунун теӊ жарымынан көбүн эӊшерип түшөөрү айкын. Чындыгында, бийликти тизгиндеп, көзөмөлдөп турчу дал ушундай саясий альянстын түзүлүшүн эл каалап турат.
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу