У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эл берген 100 тонна картошканы «Биримдик» партиясы энчилеп алып, өз атынан таратып жатабы?..



Буга чейин Ысык-Көл облусунун жашоочулары Бишкек шаарына жардам иретинде 100 тонна картошка жөнөткөнү белгилүү болгон. Мына ошол элдин жардамын «Биримдик» партиясы ээлик кылып, өз атынан таратканын картошка тараткан портердин айдоочусу билдирген. 

Бул тууралуу: «Бишкектин төрт районуна 25 тоннадан картошка таркатылды. Картошкаларды бюджеттик мекемелерге, мектеп бала бакча, социалдык мекемелерге алып бардык. Ар бир айдоочуга «Биримдик» партиясынын логотибин берип, аны машинанын алдыӊкы терезесине чаптоону буйрушту жана картошканы алган мекемелердин баарына жардам «Биримдик» партиясынын атынан берилип жатканын айткыла дешти. Бизди, айдоочуларды Бишкек шаардык кеӊештин депутаты Алмаз Усөнович көзөмөлдөдү» - деп айдоочулардын биринин айтканын «Беспредел KG» фейсбуктагы социалдык баракчасына жарыялады. 

Эми бул жагдайды «Биримдик» партиясы тактап, элдин жардамын энчилеп пиар жасап жатышабы, же Ысык-Көлдөн өз каражаттарына сатып келиштиби, ачык, так маалымат бериши керек. 

Чындыгында, «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкулов Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиевге картошка тарата турган машиналардын тизмесин берип Өзгөчө абалда тоскоолдук жаратпай, Каракол шаарынан келген 100 тонна картошканы таратууга көмөк көрсөтүү боюнча кат жолдогон. 



Эгер «Биримдик» партиясы элдин жардамына жамынып ыплас иш кылып жатса, шайлоодо бул партияны иттен чыгарып коюш керек. Карапайым калк кыйналып турган кыйын кырдаалда, эмитеден элдин эсебинен пиар жасап, элдин жакшылыгын өздөрүнө энчилеп жатышса кийин оӊдурбайт…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter