Жириновский: "Мекенине кеткен Орто Азиялык мигранттарды кайра Орусия киргизбеш керек"
- 25.05.2020, 11:18,
- Саясат / Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Орусиялык басма сөз булактары белгилүү саясатчы Владимир Жириновскийдин сунушун жазып чыгышты. Ал коронавирус пандемиясынан улам мекенине кеткен Орто Азиялык мигранттардын кайра Орусияга кайтып келүүсүнө чектөө киргизүүнү сунуш кылган.
"Коронавирус инфекциясынын айынан көптөгөн эмгек мигранттары Орусияны таштап кетишти. Келечекте алардын Орусияга кайтып келишин чектөө керек. Азыр бизде жумушсуздар көбөйүшү мүмкүн жана жумуш орундары биринчи кезекте Орусия жарандары үчүн керек", - дейт Жириновский.