У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


22-марттан тарта Кыргызстанда 1 айлык өзгөчө кырдаалдар режими кириши мүмкүн

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен өткөн  Коопсуздук кеңешинин жыйынында  өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылып кетишине жол бербөө жана өлкөнүн экономикасы үчүн терс кесепеттерди азайтуу боюнча маселелер талкууланып, тийиштүү чараларды киргизүү каралды. Жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөнүн бардык аймагына 1 айга өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады. Бул коркунучтуу вирустун өлкөнүн аймагына жайылышын алдын алуу максатындагы чара катары бааланды. Мындан улам  премьер-министрге өлкө аймагына 22-марттан тарта 1 айлык өзгөчө кырдаалдар режимин киргизүүнү сунуштоо чечими кабыл алынды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter