У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Комендантура: "Тамак алып келбеңиздер, алар санитардык талаптарга жооп береби жокпу көргөн жокпуз"


Өлкөгө өзгөчө кырдаал режими киргенден тартып, блокпосттордо тургандарга эл өз демилгеси менен тамак-аш алып барып жатышкан. Бирок комендантура мындан ары жарандардын тамак алып келүүсүнө бөгөт коюлгандыгын маалымдады. Тагыраагы Ош областынын коменданты Малик Нурдинов  постто турган адамдарга милицияларга жана дарыгерлерге тамак ташып келген жарандарга терең ыраазычылык билдирип, мындан ары алып келбөөнү өтүндү.

“Биз тамактардын кандай шартта жасалып келгенин билбейбиз. Ал санитардык талаптарга жооп береби жокпу көргөн жокпуз. Өкмөт постто тургандарды тамак аш менен өзү камсыздайт. Бизге эмес, аз камсыз болгон үйлөргө кам көрүүңүздөрдү суранабыз. Муну жарандарыбыздын ден-соолугу үчүн жасап жатканыбызды туура түшүнүңүздөр”-дейт ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter