У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Балдар үйүнүн кызматкерлери неберемди 2 жылдан бери көрсөтпөй жатышат...”


(Сүрөт интернеттен алынды)

“Күйөө баламды карагай сүйрөп кетип кайтыш болгон...”
Мен Орусияда иштеп жүрчүмүн. Күйөө балам менен кызым Бишкекте турушчу. Бир эле кызым болгондуктан, атасы кайтыш болуп кеткенден кийин кызымды турмушка берип эле Орусияга иштеп кеткем. Экөө жакшы эле жашап жүрүшчү. Күйөө балам ата-энеси жок жетим бала болчу. Балдарын жанталашып экөөлөп багып, тиричилигин кылып жатышкан. Тоого барып келем деп кышында кетип, карагай алабыз деп жатышып атын карагай сүйрөп кетип күйөө балам кайтыш болуп калды. Алар эки балалуу болушкан. Кызым жолдошунан айрылгандан кийин өзүн таштап, таптакыр жашагысы келбей калды.


“Кызым күйүтүнө чыдабай иче баштады...”
Кызыма чынында оор болду. Күйөөдөн да, атадан да эрте калды. Жардам берип каралашканга кайындары да жок. Айылда жолдошу мал багып, карагай алып эптеп жан багышчу. Эки баласы менен же иши жок же каралашаар адамы жок карайлап калганда Орусиядан келип балдарын каралашып, чогуу жашап калдык. Балдары чоңойсо балдар бакчасына беребиз деп экөөбүз алмак-салмак тигүү цехтеринде иштеп жүрдүк. Кызым абдан чүнчүп, бүтпөгөн түйшүктөн тажап, акыркы кезде жашоого кайдыгер мамиле кыла баштаганын көрүп калчу болдум. Баамдаганыма караганда күйүтүнө чыдабай ичимдик да ичкен адат таап алыптыр. Кызы бир аз чоңоюп калганда жаныма алып, кайра Орусияга кеттим. Ал жакта оорукчан кемпирди асырап иштечүмүн. Бала менен баруумду өтүнүп, орус кемпирдин үйүндө жашап, иштеп, кызыма акча салып жүрдүм. Жакындарыма тапшырып, кызымды, баласын каралашып тургула деп айтып турчумун. Баласын бала-бакчага берип, өзү кыбырап иштеп жаткан.


“Кызымды тез эле энелик укуктан ажыратып коюшту...”
Кыргызстанда эле жүрө берейин десем жарытылуу айлыгыбыз деле жок. Батирдин акчасын төлөп, айдан айга араң жетип эле жашап жатканыбыздан курган жаным көнгөн эле Орусияга кайра келбедимби. Айылдагы үйдү сатып жиберейин десем аны да сатып салсак таптакыр талаалап эле калчудайбыз. Ошол себептен эки баласынын бирин алып Россияда жүргөм. Күндөрдүн биринде түндө чочуп ойгонуп кеттим. Кызыма жазсам жооп жок. Чалсам телефону өчүк. Бир нерсе болгонбу деп кошуналарына чалып такыр дайынын таппай койдум. Эки күн өткөндөн кийин телефонума чоочун номер чалып калды.   Ала калсам социалдык кызматкерлер экен. “Кызыңыз акыркы күндөрү абдан ичип, өзүн таштап салды. Баланы балдар бакчасынан алып кетпей, унутуп калган учурлары көп катталды. Баланын атасы да кайтыш болуп калыптыр. Ошол себептен бала-бакчадан арыз түшкөндүгүнө байланыштуу кызыңыздан баланы алып койдук”, - дешти. Дароо эле Кыргызстанга келдим. Мен келгенче баласын балдар үйүнө которуп салышыптыр. Кызым болсо эч нерседен кабарсыз...


“Балдар үйүндөгүлөр неберемди 2 жылдан бери көрсөтпөй жатышат...”
Дароо эле психикалык ооруканага жаткырып дарылаттым. Кызым ичпесе жакшы эле адам. Жаштайынан бул азаптуу арам суусундукка башы малынып, күйүт деген шылтоо менен көзү ачылбай келет. Баласын алып койду деп өкмөттү күнөөлөйт. Күнөөнүн бардыгы өзүбүздө экенин билсе да моюндагысы жок. Баланы багып жатат деген балдар үйүнө көп жолу бардым. Бир эле жолу көрсөтүп койгулачы десем да кагып-силкип 2 жылдан бери баланы көрсөтпөй жатышат. Бей-бечара немелер экен деп баланы сатып жиберишкенби деп санаам санга бөлүнөт. Кызым болсо ого бетер азаптанып күйүттөн башын көтөрө албай калды. Деги кайсы жакка кайрылсам болот? Эне укугунан тез эле ажыратып ушинтип баласын тартып алууга болобу? Баланы көрсөткүлө десек да көрсөтпөгөн эмнеси? Кантип баланы кайтарып алсам болот...
(Каармандын өтүнүчү менен аты-жөнү сыр бойдон калды....)

Фабула Пресс
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter