У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кайрыктардын канаты кайрылды...

"Өлбө өлкөм, балапан жаш чагыңда,
Өлөлү биз калганча арт жагыңда.
Уялаштар, аздектеп карегиңдей,
Урпактарга мекенди сактагыла!"....

Аттиң, шум ажал арабыздан чыгаан уулдарыбыздын бири, акын, журналист, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовду 44 жашында алып кетти... Зайырбек ага өзүнүн тагдырын ырга айланткан өзгөчө акындардын бири болчу... Анын атуулдук ырлары өзүнүн көркөм окуусунда адамдын жан дүйнөсүн козгоп, мекенге болгон сүйүүсүн арттырып тураар эле...

Бир сөз айт - өлөм мүмкүн, кайра жанам,
Даярмын калкаласаң, талкаласаң.
Жаз ырас кайталанат, а мен кетсем,
Угууга ал сөзүңдү келбей калам...

Акын ырларында өлүмдүн ак, ажалдын улук экенин далай жолу эскерткен... Акыркы күндөрү досу Элмирбек Иманалиевди жоктоп көп эскерүү жазды эле... 

Зайырбек Ажыматовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, калемдештерине жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көнүл айтабыз...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter