У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токтобүбү Черикчиева: "Мен Элмирбектин уруксаты менен "Күттүм, күттүмдүн" текстин Шайлообек Дүйшеевге жаздыргам..."

Интернет колдонуучулары учурда Эл булбулу Элмирбек Иманалиевдин "Күттүм, күттүм" аттуу ырынын сөзү негизи кимге таандык?" деген суроого жооп издеп жаткан чагы. Буга Сүйүнбай Бөрүбаевдин жазган "Бир ырдын тарыхы" аттуу эскерүүсү себеп болууда.

Ал эскерүүсүндө: "Бир күнү Ош базардан радио колонкадан тексттери өзгөргөн ушул ырды ычкынып, боздоп бир кыз ырдаганын угуп "кимдин ыры" деп сурап көрсөм, диск пластинка саткан бала айтты, "автору жазылган эмес, аткаруучу Черикчиева, азыр бизде бир эле ушул ырды сатып алышууда" деди. Анан ырды сатып алып Черикчиева деген ким эле деп издей баштадым. Кийин 2-3 жыл өтүп теледен "Бир ырдын тарыхы" деп ушул ырдын тарыхын айтып, алып баруучу искусство институттун жатаканасында жашап жүргөн Иманалиевден "автор катары сизге жактыбы" деп сурады эле, Элмирбек кыйналып атып "жок" деп айтты. Анан жакында Элмирбек каза тапкан күндөн үч күн өтпөй радио журналист Бурулкан Сарыгулова Элмирбектин каны жанынан жүрөгүнөн жаралган ырдын текстин Шайлообектики деп атап, анысы түнү Черикчиеванын суранып тез жазып бер деп ырды аткарганын, анан ырдын авторун ким деп бир ооз уруксаты жок чыгарганын радио угармандарбы же айтор теле угармандаргабы айтор айта баштады. Бурул эже да шашылып ыр Шакеники деп шакылыктап элди алдап турду" деген жерлери да бар. Мындай маалыматтын анык-төгүнүн билүү максатында ырды коомчулукка кеңири жайылткан ырчы Токтобүбү Черикчиева менен байланышканыбызда төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Мындай интригаңарды токтоткула айланайындар. Сыймыктын ырдап чыкканы анык, ал бир аз эле ырдагандан кийин мен ырдап чыккам. Элмирбектин уруксаты менен ырдын текстин Шайлообек Дүйшеевге жаздыргам. Элмирбектин ыры башкачараак. Кайталанма сөздөрү көбүрөөк экен, текстти алмаштыралыбы деп өзүнүн макулдугу менен Шайлообек агага жаздыртып, ырдагам. Элмирбек экөөбүздүн мамилебиз эч качан бузулган эмес, ал өмүрүнүн акырына чейин "Эже, бул ыр сиздики, сиз  аркылуу элге жеткен, сиз бар жерде ырдабайм" деп айтчу. 2 жыл мурда филармонияда отчеттук концертин берээрде өзү чакырып ырдап бериңиз деген. Эч кандай ыр талашка түшкөн эмес, мамилебиз да жакшы бойдон сакталып калды", - дейт Черикчиева. 

Сүйүнбай Бөрүбаевдин эскерүүсүн өзгөртүүсүз беребиз. 

"Карап, карап, кайрадан сени самап, күттүм, күттүм..." Күтүүнүн гимни. Жүрөктөн жаралган ырдын гармониясы ... Гүлбү Иманкулова Куренкееванын студенткасы, филармониянын залында "Ала -Тоо чүрөгү " сынагына отуздай кыз ат салышып ошол кездеги шоумен чыйырынын баштоочусу раматылык Бакыт Букаев уюштуруучу жана алып баруучу болгон. Ал кезде бойогу жана жасалма кирпиги жок шыңга бойлуу жана шаңга жарашыктуу кыздар сынакка тандалат. Арасында Гүлбү да бар эле. Филармонияда окушкан студенттер кереелден кечке жанагы сынакты шынарлашат. Арасында Элмирбек да бар. Гүлбү эми өз мезгилинде ай чырай тал чыбык аруу эле. Экөө ошол сынакта таанышып Элмирбек Гүлбүнүн аткара турган фольклордук ролун даярдап жардамга келет. Ошентип сынакта Гүлбү 3-орунга ээ болот. Экөө сезим отуна кабылышат. Бир күнү Гүлбү дайын оту менен тартынбай кетет. Ал кезде сотка пейджер жок кез. Күтүү романтика менен коштолуп, эрте жаз жамгыры шатыратат. Көрсө Гүлбүнүн баккан тай энеси катуу ооруп Аксыга келе берет. Күнүгө күтүү сезиминен оргуштап "күттүм,күттүм" обону ыры менен жаралат. "Тунугу белең, Жарыгы белең, Күмүшү белең берметтин " деп башталган үч куплет ырды алгач Фрунзедеги болгон студенттер дилге салып ырдай башташат. Балкон, бөлмөлөр, жатакана аянтчалары ушул ырга жаңыра баштайт. Анан эле Элмирбек эң жакын Сыймык Бейшекеев досуна ушул ырды сахнадан ырдоону өтүнөт. Эми Сыймык кемелине келтирип ырдайт. Дворец Спортто, Филармонияда, студенттер аянттарында Сыймык аткарган ыр пластинка болуп тарап эл -журтка кенен тарайт. Сыймык менен Элмирбекти ынак достоштурган ушул ыр ак жолтой болуп жаңы ички миграциялык абал сырткы Россия Казакстанга агыла баштаган кезде Сыймык Бейшекеев аткарган комуз коштоосунда бул ыр ар бир сезимин күткөн сагынган мигранттардын гимнине жашоо ырына айланып кетти. Анан кашайып бир күнү ушул ырдын тексти "Кыргыз Туу" гезитине автору драматург Мырза Тойбаевдики деп жарыяланып кетти . Гезитти алып Элмирбек иштеген Чүй облусунун Шаршен театрында келип кабарладым. Али 19га толо элек жаш автор чындыгын кантип талашаарын билбей башы катты. Анан мен ырды гезити менен көтөрүп Тууганбай Абдиевге алпарып защитага отурдум. Көрсө, Тойбаев менен Абдиев ынак дос окшойт эч камырабай телефон аркылуу сүйлөшүп атты. Бир убакта тиги киши телефондон айтты да эми өкүл балаң жаш таланттуу экен, ушул бир ырын мага подарка кылса не болот эле дегенде жанагы жерден чыга качтым. Ыр кыргыздар кайда жүрсө Сыймыктын аткаруусунда тарап бирок автору Элмирбек Иманалиев болуп айтылып эл бул эки жаш талантты эгиз баладай кабыл ала баштады. Анан бир күнү Ош базардан радио колонкадан тексттери өзгөргөн ушул ырды ычкынып боздоп бир кыз ырдаганын угуп кимдин ыры деп сурап көрсөм диск пластинка саткан бала айтты автору жазылган эмес, аткаруучу Черикчиева, азыр бизде бир эле ушул ырды сатып алышууда деди. Анан ырды сатып алып Черикчиева деген ким эле деп издей баштадым. Кийин 2-3жыл өтүп теледен бир ырдын тарыхы деп ушул ырдын тарыхын айтып алып баруучу искусство институтун жатаканасында жашап жүргөн Иманалиевден автор катары сизге жактыбы деп сурады эле Элмирбек кыйналып атып жок деп айтты. Анан жакында Элмирбек каза тапкан күндөн үч күн өтпөй радио журналист Бурулкан Сарыгулова Элмирбектин каны жанынан жүрөгүнөн жаралган ырдын текстин Шайлообектики деп атап, анысы түнү Черикчиеванын суранып тез жазып бер деп ырды аткарганын анан ырдын авторун ким деп бир ооз уруксаты жок чыгарганын радио угармандарбы же айтор теле угармандаргабы айтор айта баштады. Бурул эже да шашылып ыр Шакеники деп шакылыктап элди алдап турду. Сотко берсең болот дешти юристтер, бирок Элмирбек өмүрүндө бир ирет жатаканада таракандарды соттойм деп сыртка айдап кайра боору ооруп аларга жем ыргытканын эстеп күлкүм келди. Эки жыл илгери Элмирбек отчеттук концертин берген элге журтка. Ошондо тилегин жакшы ниетин жакшы деп бир ай концертине даярданганда мени жанына ээрчитип жүргөн. Ошондо ыр поэзия жанры менен сахнадан айтышайын деп программа түзүп дал бүгүн мен кеп кылган Шаке макул болуп, концертке эки күн калганда отказ кылып Элмирдин жүрөгү аз жерден кармап кудай сактаган эле. Ошондо Зайырбек Ажыматов акын макул болуп эл арасынан суурулуп чыгып абалды оңдоп кеткен эле. Ошентсе да угармандарга Элмирбек мыкты эле деп эскергегине ыракмат айткым келди. Элмирбектин бул ыры менен Казахстан, Өзбекстан Туркия жана Кытайдын ырчылар ырдап жүргөн учурлар арбын экенин бүгүн сыймыктануу менен кеп кылгым келди. Бул ыр ак жолтой болду. Операнын жарык жылдызы Бокоева Бактыгүлдүн аткаруусунда "Алтын фондго" кабыл алынды. Академиялык хор укмуш уккулуктуу аткарган жана алардын аткаруусунда бир нече сыйлыктарга татыды .Урматтуу эл журт! Иманалиевдин өзүнүн ыры тексти менен ырдайлы, антпесек плагиатка кол чапкан болобуз..." дейт Бөрүбаев.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter