У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жаныш Кулмамбетов: "Элмирбек Ала-Тоосунун үстүнөн кайрылгыс кометадай кайып учуп кетти... "



Элмирбек Иманалиевди жоктоп, боздобогон кыргыз жоктур...Эл баалаган инсандардын, Элмирбек аганын жакындарынын, шакирттеринин эскерүүлөрүн элге жеткирүүнү улантабыз. Бул ирет белгилүү театр таануучу, театр сынчысы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстан театр ишмерлер Союзунун Президенти Жаныш Кулмамбетовдун эскерүүсүн беребиз...
 
"Ансыз да оор күндөрдү башынан кечирип жаткан кыргыз эли, бүгүн кабыргасы кайышып өзүнүн эң мыкты уулдарынын бирин жоктоп турган чагы. Өмүрдүн кыскалыгын, анын учкан куштай учкулдугун ушундан билсек болот, боз улан Элмирбек “күттүм, күттүм, күтүүдөн тажап бүттүм” деп, Атай менен Боогачыдай кыргыз баласынын жүрөгүнүн түпкүрүндөгү кусалыгын козгоп, анан Ырыспайдай “булбулум” деп, сай-сөөктү сыздата армандуу обон созгон мезгили кечээ эле эмес беле... Элмирбек ар бир кыргыздын көкүрөгүндөгү купуя сырын куюлушкан таамай ыр саптарына тизип, Толубай сынчыдай эл мүдөөсүн мүлдө журтка жарыя кылган учурлар кечээ эле эмес беле... Ала-Тоодой залкар агасы Айтматовдун сөөк башында, Ырамандын ырчысы айкөл Манасты кошуп тургандай, муңга баткан ыр саптарын төгүп турган учур кечээ эле эмес беле...
Аттиң... а бүгүн кыргыздын арманын арттырып, Ала-Тоосунун үстүнөн кайрылгыс кометадай кайып учуп кетти..."
дейт белгилүү театр таануучу...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter