У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акын Зайырбек Ажыматов карантин убагында квартиранттарынан акча албай турганын кабарлады


Кыйындык башка түшүп турган чакта башкаларга жарык чачкан адамдардын арасында акын Зайырбек Ажыматов да бар. Акын бир гана ырлары менен элдин жан дүйнөсүн аруулантып пайда келтирбестен, материалдык жактан да жардам берип, жумурай журттун алкоосуна арзыды. Дегеним, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери, белгилүү акын, чыгаан журналист Зайырбек Ажыматов өзүнө тиешелүү батирлерде жашаган жарандардан карантин убагында батир акысын албоону туура көрдү. Ал мындай жакшы жаңылыгы менен өзүнүн баракчасы аркылуу бөлүштү.

"Мени үйүндө жалжактап жөн эле отурат деп ойлобоңуздар. Мекен үчүн бир аз болсо да салым кошуп атам. Мен Дордойдо жашайм. Демек короомдо ижарачылар бар. Бир айлыкты кечтим. Азык-түлүктөн да каралашабыз. Абалга жараша экинчи айды да карап көрөм. (Колдон келгени ошол).Кыйын кырдаалда бир айылды баккан кыргыз жигиттерине бир короо кеп бекен" дейт эл уулу. 

Ал эми  социалдык тармактардын колдонуучулары акынды алкап, жакшы сөздөрүн арнап жатышат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter