Көпчүлүктүн суранычы менен КР эл артисти, акын Элмирбек Иманалиевдин ырларын топтодук.
"Сен жанымда болгондо"
Сен жанымда болгондо -Айлангансыйм бүт дүйнөлүк борборго.
Бата берем оор санаа ойлорго.
Кандай болмок карааныңды жоктотпой
Сен экөөбүз бир денеде болгондо:
Айрылышпай бирибизден бирибиз,
Тең ачылып, тең жумулуп көзүбүз,
Сүйлөгөндө бирдей чыгып сөзүбүз.
Бөксөргөндө бир бөксөрүп,
Толгон кезде бирдей толуп көөнүбүз.
Экөөбүздө согуп турса бир жүрөк,
Бирдей үмүт, бирдей арман, бир тилек.
Азап чеге берет белем ким билет?!
Бирде чуркап бирде калып жөрмөлөп,
Билинбестен кайран жаштык өйдөлөп,
Баратканда балбылдаган от көрдүм,
Бакыт менден алыс эмес өңдөнөт.
Аруузатым, ай чырайым, аппагым!
Сени көрүп аруулана баштадым.
Карегиңде жүргөн экен катылып,
Качанкы бир мен жоготкон асманым.
Бир уу жылаан сойлоп өтүп сүйүүмөн,
Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм.
Өзүң менен айыкчудай сезилип,
Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм.
Тагдыр мени каалагандай калчадың,
Акың калса алып бүтчү чарчадым.
Жаштык узап кете электе бир жолу,
Жашоо берчи жашылындай арчанын!
Убайымын сагынычын ырдаган
Угасыңбы жүрөгүмдү туйлаган?
Бүгүн анда бир керемет ойгонду,
Бүт ааламдын кеңдигине сыйбаган.
Эми мага – Күн керемет жаркыган!
Эми мага – түн керемет балкыган!
Жыргасам да, ырдасам да жарашат –
Жылдыз учса изин кууп артынан.
Билбейм аттиң.., эми кандай демекпиз?
Бир көрүштүк жакын тааныш эмеспиз.
Антсе дагы ап-пак, таза, чыныгы
Сезимдерди сакташ үчүн керекпиз.
Издейм эми сени баардык тараптан,
Саргайсам да сагынычтуу азаптан.
Сени дайым сактап жүрсө болгону –
Сен аркылуу мээрим төккөн жараткан.
Күлкү да эки көздө бирдей жанат.
Жаш дагы эки көздөн бирдей агат.
Көрбөдүм мен жалгызыды акындардай,
Көп ичинде жалгызыдык кандай азап..?
Ушуну түшүнөбү кыргыз, казак?
Мукагали, боорум, Мукагали!
Туу көтөргөн дооруңду көрбөй кеттиң,
Турмуш мерез кимдерди тушабады?!
Тилим үчүн мен дагы далай жерде
Титиредим жебедей бутадагы.
Мукагали, боорум, Мукагали!
Буйтап өтүп кеталбайт экенбиз го
Буйрук болсо тагдырга туталануу.
Том, том болуп текчемде турасың сен
Мага өтүп сендеги кусалануу.
Муңум толуп кеткенде сылап коём
Мукагали деп турган мукабаңды.
Мукагали, боорум, Мукагали!
Кош канатсыз куш көккө учалабы?
Ушул ойлор түйшөлткөн сени далай
Ушуну кыргыз, казак туталабы?
Турам келип айлыма кайра мына.
Тууган жердин куштары сайрагыла!
Көр тирликтин көөсүн жууп кете турган
Көркөм сонун дүйнөнү арнагыла!
Анжияндын, Арканын, Сарөзөндүн
Ар биринен достор бар ар өрөөндүн,
Ысык-Көлдүн, Таластын, Теңир-Тоонун
Ысык сүйүү, саламын ала келдим,
Ысыгында муздатпай ала көргүн!
Аманатын алардын келип анан
Айтып алсам силерге эргүү алам.
Батаңды бер, апаке ошолорго
Бардык кыргыз баласы сенин балаң.
Жабыркаткан ойлордон арылайын.
Жан дүйнөмдү кайра бир жаңылайын.
Жакындарым, дос, тууган кагылайын
Жарпым жазаар сөздөрдөн сүйлөгүлө
Жаратымдан качанкы айыгайын.
Тууган жерим мен сага анда-санда
Келсем дагы, туурумсуң ар качанда.
Турмуш күтүп мен мында калбасам да,
Баягы бир.., баягы бактымды бер...
Бала болуп кайтайын кайра шаарга.
Айдың көлдүн кылаасы калкылдаган,
Таң нуруна татына жаркылдаган.
Топ аккуулар бийлешет өмүр бийин
Толкундардын күүсүнө шарпылдаган.
Аккуулар ак пейилден жаратылган.
Моюндары аппак ай жаңы тууган.
Токтоп берсе бир сүйүп алгың келет
Толкундарга өптүргөн канатынан.
Карап эле тургуң бар, карап эле,
Саматат да каратат жана дале.
Аккуу болуп кетсем деп ойлоносуң,
Же болсо не аккуулар адам эле...
Анткен менен аккуулар аруу жандар!
Түспөлүңдөй апакай арыңар бар.
Бизде кордойт жалгызды, силердечи
Бирөөн таштап кетпейсиң калганыңар.
Бетин жапкан үмүттүн алаканы.
Айылдан ат минген мас көрдүм,
Селт эттим көргөндөй душманым,
Жабышып ээр кашка өбөктөп,
Көргөндө жан сыздап баратты,
Барктабай калдыкпы чын эле,
Бабалар сүйгөн ат канатты?
Ким үчүн кайтты эле казаттан
Тулпарлар туягы жараттуу?
Канча өмүр аргымак жалында
Ким үчүн кетти эле кыйылып?
Жалына мазардай сыйынып?!
Мен кайгырсам – менден артык кайгырып,
Мен кубансам – менден артык кубанган,
Үмүтүмсүң, асылымсың, эстүүмсүң
Үзүлөөрдө сен табылып улангам…
Толуп турат көкүрөктө миң санаа
Толкундары сагынычтын чыдатпай.
Бирок жаным бут баспаган жердеги
Биздин сезим таза, тунук булактай.
Кейиткениң, жубатканың, сүйгөнүң,
Сөзүң, өзүң бар болгонуң баары дем.
Кайра келбейт ушул өмүр, бул сезим
Кабырыма ала кетем аны мен.
Элмирбек Иманалиев