Мирзат Муканов: "Аз киши болсун деп жатышат, туура түшүнөбүз"
- 21.04.2020, 10:49,
- Маданият
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
КР эл артисти, төкмө акын, эл булбулу Элмирбек Иманалиев оорудан улам 42 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Акын качан кайсы жакта жерге берилээри тууралуу күйөө баласы Мирзат Муканов жазып чыкты.
"
Бардыгына жооп берип жетише албайт экем. Атам эртен саат 11де Тунгучтан чыгарылат. Ала-Арчага коюлат
Бирок, бул чакыруу эмес. Аз киши болсун деп жатышат, туура түшүнөбүз", -дейт Муканов.
Ушундай кыйчалыш кырдаалда эл булбулуна кантип барбай коёбуз деп интернет колдонуучулары беймаза болушууда. Айрымдары КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маселени чечип берүүсүн суранышууда.