У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Табылды Актанов, КР эл артисти: “Эл эмгек кылган адамды акыры сөзсүз баамдайт”


Композитор, манасчы, төкмө акын, ырчы, күүчү, жазуучу-драматург, театр жана кино актёру, КР эл артисти, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын ак сакал артисти, эл кадырлаган инсан Табылды Актанов тууралуу айта берсек узун жомок.   Жакында эле  III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды. Заманыбыздын залкары менен маектештик. 


 

14 жашымда бүткүл союздук фестивалдын лауреаты болдум 


Негизи бала кыялымда улуу композитор болом деп жүрчүмүн. Адегенде М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрына музыкант, актёр болуп кирдим. Алар мени окууга жибербей коюшту, иштин шары менен жүрүп калдык. Андан кийин үй-бүлөлүү болуп кеттик. Апамды жалгыз калтыра албай андан бетер колум байланып калды. Ал учурда ыйман ошондой болчу. Эне-ата кой десе, коюп калмайыбыз бар эле да. Анын үстүнө өзүм дагы жалгыз апамды таштап кантип кетип калам деп намыстандым. Ошого карабай апам өнөргө өзү түрттү. Колхоз окууга жиберип, бир жыл чабан-механизатордун окуусун, бир жыл клуб башчысынын окуусун аяктадым. Ал кезде өтө тентек балдарды өзүнчө окууга айдап жиберчү. Мен ошол балдар менен бирге кетип, өз курбуларым мектепте окуп жаткан кезде  жогорудагы эки окууну бүтүрдүм. Кудай берген талант адам кайсы гана жакта болбосун ташты жарып чыккан булак сымал чыга берет экен. 14 жашымда бүткүл союздук фестивалдын лауреаты болуп, алтын медаль тагындым. Ошондон тартып өнөр жолуна бироло сүңгүп кирип кеттим. 

 

“17 жашымда биринчи обонум, 21 жашымда биринчи пьесамды жаздым”


Театрга келгенимде эмне деген гана таланттар менен иштешкен жокмун. Нарын театрынын дүркүрөп турган учурунда жумушка кирип калганым да чыгармачылыгыма чоң өбөлгө түздү окшойт. Обончу болуп кетишиме да ошол чөйрө түрткү болду. 17 жашымда алгачкы “Келсеңчи” аттуу обонум жазылып, биринчи эле обонумду ырдабаган кыргыз калган жок.  Театрда иштеп жатып 21-22 жашка чыкканда пьеса жазып, Жалил Садыковго көрсөттүм. Мени драматургияга киргизген ушул киши болду. Устатым деп айтсам да жаңылышпайм. Ушул киши мага жол көрсөтүп жүрүп, кийин: “Сенден мыкты драматург чыгат. Табылды, драматургияны таштаба”, - деп да айтып калчу. Кудай буюрса Манасты театрда коеюн деген тилегим бар. Эгер ошол тилегим орундалып калса Жалил байкенин эстелигине арнадым деп жазып коем го. Ушул кишинин деми-күчү менен эргүү алып жүрүп, учурда 20дан ашуун пьесанын автору болуп калдым. 17-18и Кыргыз театрларында бүт коюлуп чыкты. А түгүл боордош элдер да атайын сурашкан. Коюп жатабы, койбой жатабы маалыматым жок, бирок кызыкдар болушкан. 

 

“40 жашымда төкмөлүк өнөрдү аркаладым...”


Драматургиядан кийин манасчылыкка да кызыгып, кайсы жакта болбоюн Манас айтып кете берем. Өнөр деген жакшы да, биринин артынан экинчиси чакырып турат. Дегеним, 40 жашымда төкмөлүк өнөргө тиш салып көрдүм. 60 акын менен айтыштым. Ошентип төкмө да болуп, андан соң, театрда режиссёр да болуп иштеп калдым. Нарын театрында 5 жылдай башкы режиссёр болуп турдум. 

 

“Эки жакты карап, мени көрдүңбү дебей эле башың менен жер казып иштей берсең, эл эмгек кылган адамды акыры сөзсүз баамдайт...”


Нарын театры менин бактымды ачкан. КР эмгек сиңирген артисти наамын алгандан кийин бир жарым жылга жетпей, КР эл артисти наамына ээ болдум. Бирок ишенесизби, ал учурда бизде наамдын артынан чуркоо, тааныш салуу деген ой таптакыр эле жок болчу да. Бирок чындыгында өзүн өзү пиарлоо чыныгы таланттын иши эмес. Эки жакты карап мени көрдүңбү дебей эле башың менен жер казып иштей берсең, эл эмгек кылган адамды акыры сөзсүз баамдайт экен. Негизи наамды эл берет. Элдин батасын алган, элге эмгеги өткөн адамды эл өзү кадырлап сыйлап алат. Андыктан наам үчүн ичкен ашын жерге койгондорго айтаарым, тек гана эмгектене бергиле. Эмгекти жер жебейт.

 

 

Нуркыз Рыскул кызы

 

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter