Арген Биймырза уулу: "Төкмөлүк өнөргө аралашуума агамдын салымы чоң..."
- 04.03.2020, 10:14,
- Маданият
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызда "уучубуз кур эмес" деген сөз бар. Анын сыңарындай чынында эле улуу элдин урпактары болгон соң, кайсы гана тармак болбосун келечекке барчу жолду жарык кылган жаштарыбыз арбын. Агасын көрүп ини өсүп, эжесин көрүп сиңди өсүп келе жатканы жүрөк жылытат. Айтайын дегеним, кадимки жаш манасчы, алып баруучу Азиз Биймырза уулунун бир тууган иниси Арген Биймырза уулу, агасы бара баскан чыгармачылык жолдо төкмөлүк өнөр менен улуу көчтү ээрчип бара жаткан убагы. Жаш төкмөнүн маегине көз чаптырыңыз.- Арген, "аганы көрүп ини өсөт" дегендей, чыгармачылыкка Азизди көрүп аралашсаң керек? - Туура айтасыз агамдын салымы өтө эле чоң. Анткени мени ушул өнөргө шыктандырып, дем берип, алгачкы багыт берген адамдардын бири десем туура болот. Төкмөлүк өнөргө жаңыдан кадам таштап баш бага баштаганымда аябай колдоп, дем бергендери бүгүнкүгө чейин эсимде. "Ой сен айтыша аласың, сенде бар, биздин чоң атабыз ырчы болгон да, канда болгондон кийин чыгат, сен сүйүүңдү арнап эмгек кылсаң эле калганы кудайдан", - деп демге дем кошуп олтуруп мени ушундай улуу өнөргө алып келип кошкон Азиз байкем. - Төкмөлүккө качантан бери кызыгасың жана профессионалдуу чөйрөгө аралашканыңа канча болду? - Төкмөлүккө 2014-жылдан баштап аралаша баштадым. Ошол жылы шаарга окууга тапшырганы келип, шыр эле «Айтыш» коомдук фондуна барып, акындар менен жакындан таанышып, устат жандап, этегин кармап үлгү ала баштадым. - Устатың ким? - Устатым эл булбулу Элмирбек Иманалиев. - Төкмөлүк өнөр тапкычтыкты, кеменгерликти, кыраакылыкты талап кылат эмеспи. Капилеттен сөз табуу билгенге өтө оор нерсе. Кээде сахнадан апкаарып, оюң чачыраган учурлар болду беле? - Бул төкмөлүк өнөрдүн эң кыйын жана оор тепкичи ушул сиз берген суроо дээр элем. Себеби бир караган адамга өнөр оңой көрүнөт. Уйкаштырып эле куюлта жамактап төгө бересиңер да силер деп кээ бир адамдар оңой көрүшөт. Ошондой уйкаштыра куюлта төгүп баратканда ой чачырап кетет, ой чачыраган кезде сиз айткандай апкаарып, капаланып, ички туюм букулдап, чекеден ылдый тер агып, бир башкача сөз менен айтып жеткире алгыс жагдайлар болот. Кээде зал ичине көз салып отуруп оюң ошол жака бурулуп кетип бир болбогон жерден алаксый түшүп оюңду жыйнай албаган учурлар көп эле болду. Андайда айта турган оюңду он ойлонсоң дагы кайра ордуна келбей калат. - Төкмө акындар сөзсүз поэзияга болгон сүйүүдөн улам төкмөчүлүккө кызыгат эмеспи. Ыр жазып каласыңбы? - Төкмө акын жаза алат деп кээде өзүбүзчө тамашалашып калабыз. Анын сыңары жүрөктүн толкундары толкуганда, булбул сайраган кездери калем кармап коём. - Ким менен айтышкан оор болгон? Балким алгачкы айтыштарың сүрдүү болгондур? - Эң биринчи айтышка катышканымда Сапарбек Зулпуев менен айтышкан элем. Бир чети оор, бир чети сүрдүү болгон. Өзүм жаңыдан айтышка чыксам, анан шыр эле кыргыздын оң-солуна таанымал Сапар акынга жуп болуп калдым деп коркком.Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы
Пикир калтыруу
- Бүгүн
- Көп окулгандар
- Талкуу
Соц.Тармак