У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Булбулдун тили катты, аттиӊ дүйнө, арман дүйнө...


Эл ырчысы Элмирбек Иманалиев 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Кыргыз маданияты чоӊ жоготууга учарды… Эмнеге жакшы адамдар эрте кетишет? 

Сиздей кылымда бир жаралчу мыктылар өлбөс болсочу. Аттиӊ дүйнө, арман дүйнө. Мындайда көӊүл айтуу да оор тура. Сиз өлбөстүктү жаратып кеттиӊиз… Ай, бир кем дүйнө…

Чыныгы талант ээлери аз, саз жашайт тура… Кудай өнөрдү, талантты ченебей берип, өмүрдөн өксүтүп, бакыттан кемитип коёт экен, бир кем дүйнө…

Асыл талант, өнөр ээлерин көр дүйнөнүн артынан кууган биздей көрпенделер баалай албасызбызды Жараткан билип, бул кир, ыпылас дүйнөгө кор кылбай эрте өзүнө алып кетет тура…

Ак таӊдай акын Элмирбек кыргыздын жылдызы, сыймыгы, акындардын алпы, адамдын асылы эле. Ар тараптуу өнөрдүн ээси, төгөрөгү төп келишкен жорго эле… Жазымыш ушул тура…

Жаткан жериӊиз жайлуу болсун. Кудай бейишинен орун берсин. Кош болуӊуз эл эркеси…

Кыргыз элине, жакындарына, үй-бүлөсүнө тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз…
 
Иманалиев Элмирбек Калилович — өмүр баяны
Төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиядан окуп, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн.

Чыгармачылыгы:
1993-жылдан бери айтыш боюнча республикалык жана эл аралык фестивалдардын баш байге ээси. 2016-жылы КРдин Эл артисти наамын алган.
Ырчы, обончу катары "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма" чыгармалары менен белгилүү.

Үй-бүлөсү:
1995-жылы ырчы Гүлбүбү Ороскул кызына баш кошуп эки кыздуу болгон. Кийинчерээк Нурзат аттуу айымга үйлөнүп, үч эркек, бир кыздуу болгон...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter