У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кубатбек Боронов: "Коронавирус жоктугун тастыктаган маалымкат талап кылуу ашыкча..."


Бүгүн,  5-майда коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ээн-эркин басып жүргөндөр көбөйгөнү үчүн күч кызматкерлерин сынга алды. Анын пикиринде Бишкек шаарында тартипти күчөтүү зарыл. 

Ошондой эле айрым облустарда аларга тиешелүү аймакка кирүүнү каалагандардан коронавирус жоктугун тастыктаган медициналык маалымкат талап кылуу тууралуу чечимин өзгөртүшү керектигин айтты. Бул багытта облус жетекчилери өкмөт бекиткен тартипте иш алып баруусу зарылдыгын айтты. Мындан сырткары Боронов тийиштүү алгоритмде көрсөтүлбөсө, COVID-19 жоктугун тастыктаган маалымкат талап кылуу ашыкча болорун кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter