Таксилер ишке чыкты. Талаптагыдай иштей алышабы?
- 01.05.2020, 15:35,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Бүгүн, 1-майдан тарта Бишкекте таксилердин иши жанданганын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Айдоочуларга мындай кырдаал шартта бир топ талаптар коюлду. Алар сөзсүз түрдө кол кап жана бет капчан болушу керек. Ар бир айдоочу унаасынын ичин күнүнө 3 маал дезинфекциялап турууга жана санитайзер камдоого милдеттүү.
Жүргүнчүлөрдүн саны 2 адамдан жана 1 жаш баладан ашпашы керек. Ошондой эле айдоочу май куючу жайдан башка аймакка өзү каалагандай жүрүүгө тыюу салынат. Текшерүү учурунда айдоочудан өздүгүн аныктаган документ жана буга чейин салык төлөп келгенин ырастаган патент талап кылынат.
Жай турмушта жол билбеген, жол эрежелерин сактагысы келбеген айрым кежир айдоочуларыбыз мына ушул талаптын баарын сактай алышаар бекен деген суроо жаралбай койбойт...