У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус. Калкты карантинге камаган менен маселе чечилбейт...



Учурда дүйнө коомчулугу коронавирус менен алпурушуп, дүрбөлөӊ түшүүдө. Ааламды каптаган апаат Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. 

Мына ушундай шартта улут саламаттыгын, коопсуздукту ойлоп, коронавирустан сактануунун эрежелерин так сактоонун ордуна кайдыгерлик кылып, кош көӊүл мамиле жасап жатабыз. Үйдөн чыкпай отургула дегенди кулак сыртынан кетирип, жайлоодо жүргөндөй жайылып жүрөбүз. 

Дүйнө дүрбөлөӊгө түшүп, Сауд Арабиясы мусулмандар зыярат кылчу Каабанын эшигин жаап, убактылуу тыюу салып жатса, биздин жарандар «умрага зыярат кылабыз» деп сапар тартып кетишип, жыйынтыгында элибизди кооптуу кырдаалга кептеп коюшту. Мына коронавирусту жуктуруп келгендер жалаӊ умрага баргандар болуп жатат. Буга муфтият жоопкер болуп, мыйзам алкагында тийиштүү жазасын алууга тийиш. 

Эӊ эле кызыгы, маданий иш-чараларга, той-топур, базар, мектеп, бала-бакча сыяктуу эл көп чогулчу жайларга тыюу салынып жатса, Абдышүкүр сыяктуу аалым атыккандар «жума намазга эл келбей, мечит бош калды, коронавирустан корккондой Алладан да коркуш керек» деп бышактап, көз жашын көлдөтүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков: «Ыйласаӊар да, жардам көрсөтсөӊөр да, коомго жарыялабай кылбайсыӊарбы», -деп туура айтты. Мээсине мык каккандай эле болду окшойт. 

Ырасында, Өлкө башчысы Ала-Тоо бош калбасын деп аракет кылып жатса, ажыӊ түшкүр «мечит бош калды» деп ыйлаганын видеого тарттырып пиар кылат. Ала-Тоодо эл болсо мечитке барабы? Буга дейре «коронавирус кытайларды жазалоо үчүн жиберилген Алланын көрүнбөгөн солдаттары атап, мусулмандарга зыяны тийбейт» дегенди айтып күпүлдөп жатты эле, мусулмандар ыйык Каабага зыяратка барышып вирус жуктуруп келген соӊ, «мечит бош калды» деп ыйлактап дуба тилеп, эки жүздүүлөнгөнүнө таӊ калбай коё албайсыӊ. 

Муфтий болсо «коронавирустан коргоочу дубалар» деп жомокту айтып отурат. Дубанын күчү керемет болсо, Сауд Арабиясы чек арасын жаппай, кыдырата тизилип отуруп алышып зикир чалып, дуба окуп отурушмак. Ошол эле мусулман өлкөсү Иран дубанын күчү менен коронавирусту токтотуп, каза болгондор болбойт эле. 

Медицина, илим, тартип, эреже менен гана ооруну жайылтпай алдын-алууга мүмкүн экенин акыл эси жайында адам түшүнүп турат. Бир гана динге сугарылган аалымдар баш болуп түшүнгүлөрү келишпей, жалпы элдин саламаттыгына кедергисин тийгизчү жөө жомокту айтышып, тескери үндөп отурушат.  Мурда «молдонун айтканын кыл, кылганын кылба дешчү» эле, азыр молдонун кылганы түгүл, айтканын кылуу да кооптуу болуп калды. Айтканы бузук болуп жатса, кылганын кантип кылабыз.  

Жан кейиткени, негизи биздин элдин оӊ бас десе тескери баскан терс аяктыгы каныбызда бар. Мына үйдө отургула десе, Египетке, Турцияга саякаттап кетип, Өкмөткө «чартердик рейс менен алып кеткиле» деп сөгүп, тилдеп, милдет кылабыз. Ансыз да өлкө экономикасы кургуйга кулап, каражаттын тартыштыгынан врачтарды вирустан коргоочу атайын кийим менен камсыздай албай «өгүз өлбөсүн, араба сынбасын болуп» турган өкмөт, ыйлап-сыктап Кыргызстанга сыртта калгандарды алып келип, 14 күндүк карантинге жаткырса, «шарты жок экен» деп кыял көрсөтүп, догуруп сынга алуудабыз. Кыязы, жер кезип кыдырып жүргөндөй, карантинди курорт элестетип алган окшойбуз. 

Өкүнүчтүүсү карантин баарына бирдей, министр, депутат, жөнөкөй жаранбы,  баары эреже-шартты так сактоого милдеттүү экени мээбизге жетпейт. Мыйзамды сыйлап, үлгү болчу  Жогорку Кеӊештин депутаты Зиядин Жамалдиновго окшоп, «ысык суусу, холодилниги, телевизору жок экен» деп карантинден качып кетет. Сыягы, карантинге жатпай үйүнө жатып алган кесиптеши вице-спикер Аида Касымалиевга атаандашып, «тигил үйүндө жатат, эмнеге мен үйүмдө жатсам болбойт» деген ойду кылган окшойт. Буларда кокус ооруп калсам, жакыныма, балама, үй-бүлөмө жугузуп алам деген ой-сезим жашабайбы? Элге үлгү болчу эл өкүлдөрү ээн баш болуп жатса, караламан калкты кантип тыясыӊ.  

Ушунун баары ырааттуу саясат, тартиптин жоктугунда болуп жатат. Бийлик элдин саламаттыгына кам көрүү боюнча жетишерлик деӊгээлде негиздүү, ынанымдуу иш-чара көрө албай жатканын моюнга алышы абзел. Маселе, карантин менен чечилип калбайт. Анын да күнгөй-тескейи бар. Карантин киргизип, элди көчөгө чыкпай үйдө отургула дегенге жараша, жарандардын социалдык ал-абалына жараша шарт түзүп, кам көрүүгө милдеттүү болуш керек. 

Дегенибиз, азыр биздин элдин дээрлик көпчүлүгү насыя менен күн көрүп келе жатканы жашыруун эмес. Ар бир үй-бүлөнүн насыясы бар. Өкмөт алардын насыясын төлөө мөөнөтүн узартып, коммуналдык төлөмдүн бир-эки айын кечип, колунда жокторго даректүү түрдө ун, май, шекер сыяктуу керектүү азык-түлүктү таратып берип, күнүмдүк иш менен алек болуп акча тапкандарга, бир айга 5-10 миӊге чейин жөлөк пул берүү жагын чечиши милдет болчу.  

Анан эч нерсе чечпей эле, үйдөн чыкпай отургула деп буйрук чыгарып камап койгондо, колунда жоктор тишинин кирин соруп, өзөөрүп отурашбы? Банктар Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жапаров сыяктуу 400 миӊ доллар кредит алган байлардын насыяларынын мөөнөтүн узартып берүү жагын гана чечип, карапайым калкты билгениӊерди кылгыла деп коюшту.


Башкача айтканда, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов карапайым калктын насыяларынын төлөө мөөнөтүн узартып бергенге мүмкүн эместигин айтып оозун куу чөп менен аарчыды. Кызыгы, буга дейре Толкунбек мырза өзүнүн 5 миллион сомун кыскартып алган. Ал кезде азыркыдай кооптуу пандемия, карантин, комменданттык саат деген жок, жайчылык учур эле. Азыр болсо карапайым элдин иштеп акча табууга шарты жок, үйдө камалып отурат. Мына ушундай шартта жеӊилдиктерди өкмөт иштеп чыгышы милдет болчу. Байларга, чоӊдорго иштеген жеӊилдик, жөнөкөй жарандарга келгенде эле иштебей калганын кандай түшүнүш керек? Ырасында, бийлик ишкер, байлардын камын көрбөй, жөнөкөй жарандардын дагы абалын ойлоого тийиш. Эми карапайым калк үйдө отурса насыясын ким төлөйт? Балдарын ким багат? Батиринин акчасын ким берет? Анан үйдө отур дегенди ким укмак эле? 

Тилекке каршы, элге үмүт берчү иштерди жасагандын ордуна вице-премьер-министр Эркин Асырандиев «азык-түлүк 3-4 эсеге кымбаттайт» деп коомчулукту чочутууда. Жогорку Кеӊештин депутаты Алтынбек Сулайманов «тартип, мыйзамды сактайлы» дегендин ордуна «магазиндер тонолот» деп элдин үшүн алып, парламенттин трибунасынан чагымчыл маанайдагы сөз айтып коӊгуроо кагууда. Врачтар вирустан коргоно турган кийим менен камсыз болбой жатса, Өзгөчө кырдаалдар министри Замир Аскаров башынан төбөсүнө чейин жанын сактап кийинип алып, врачтардын көзүн күйгүзүп, ичин ачыштырып акыл айтып жүрөт. Бийлик азыртадан врачтарды атайын вирустан коргой турган кийим, дары-дармек менен камсыздап, болгон муктаждыктарын чечип бербесе, ооруну жайылтпай токтотуш кыйын. 

Ооба, баарыбыз көрүп-билип түшүнүп турабыз. Өкмөттүн чама-чаркы аз. Социалдык жардам көрсөтмөк түгүл, элден көмөк сурап, кайыр-садага үмтөтүп отурат. Бирок кол куушуруп отура бербей, жардам көрсөтүп жаткан ишкерлердин, колунда бар адамдардын берген жардамын калктын аялуу катмарына, муктаждарга даректүү жеткириш керек. Антпесе алар үйлөрүндө ачка отура алышпай, акча таап жан багыш үчүн көчөгө чыгып кетишет. Анан азыр ар бир үй-бүлө насыяда отурат. Алардын насыясын төлөө мөөнөтүн узартып, коммуналдык төлөмдөрдүн төлөм; суу, свет, газ дегендердин 1-2 айын кечип, элге үйдөн чыкпай отургудай үмүт жаратуу зарыл. Андай бир да кадам жасалган жок.

Демек, эл үйдөн чыкпай эле отура берет деп айтуу кыйын. Өкмөт жардам бербеген соӊ акча таап, жан багыш зарыл болот. Бул мамлекет үчүн өтө кооптуу. Бир сөз менен айтканда калкты карантинге камап койгон менен маселе чечилбейт. Иш тереӊден масштабдуу каралышы кажет. 


Алмаз ТЕМИРБЕК уулу


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter