7-майда вирус жуктурган дагы 24 жаӊы учур катталды
- 07.05.2020, 10:24,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетине чалдыккан 24 адам катталды. Бул тууралуу, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаӊы вирус жуктургандар: Бишкек шаарында-2, Чүй облусунда- 4, Ош облусунда -3, Жалал-Абад облусунда-3, Нарын облусунда -12 адам.
Ушул менен республика боюна COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 895ке жетти. Анын ичинен 637 бейтап айыгып чыгып, 12 адам каза болду.