4-майда коронавирус дагы 35 адамдан табылды
- 04.05.2020, 11:19,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус жуккан 35 адам катталды. Бул тууралуу 4-майда Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Алар: Бишкек шаарында- 26, Чүй облусунда-2, Нарын облусунда-1, Жалал-Абад облусунда -5, Баткен облусунда-1 адам.
Ушул менен республика боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 830 адамга жетти. Анын ичинен 575 бейтап айыгып чыгып, тилекке каршы, 10 адам каза болду.