У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


COVID-19: Жалал-Абадда абал турукташа баштады


Бактыга жараша Жалал-Абад облусунун аймагында абал турукташа баштады. Тактап айтканда акыркы он күндөн бери ооруканага жаңыдан коронавирус жуктурган бир да бейтап келе электигин кабарлашты. Аталган облустун аймагында коронавирус илдети аныкталган 93 бейтаптын ичинен 52 киши айыгып чыкты. Алардын арасында медицинанын беш кызматкери да бар. Учурда Сузак райондук ооруканасында 40 киши, Ала-Бука аймактык ооруканасында 1 киши, Жалал-Абад клиникалык ооруканасында 1 киши дарыланып жатат. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча Жалал-Абад облустук штабы кабарлады.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары Гүлбарчын Рахманова 16-марттан бери ооруканын инфекция бөлүмүндө жаткан 51 бейтап айыгып чыкканын билдирди: «17-апрелде 14 бейтапты үйлөрүнө чыгарып жатабыз. Алардын тогузунан COVID-19 аныкталса, бешөө жакын байланышта болгон адамдар. Арасында эки айлык бөбөк, 10 жашка чейин эки бала да бар жана баары Сузак районунун тургундары. Ошондой эле буга чейин илдет аныкталган бир чарбачы айым да булар менен бирге айыгып чыкты. Ал эми бир жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү бир адамдын абалы орточо». Анын айтымында, акыркы он күндөн бери ооруканага COVID-19 илдети менен бир да бейтап келе элек.






Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter