У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус дагы 48 адамдан табылды, 18 дарыгерлер, жалпы 554 кишиге жетти…


19-апрелде Кыргызстанда СOVID-19 илдети дагы 48 кишиден табылды. Жаңы катталгандардан Ош облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 9, Бишкек шаарында 9, Ош шаарында 9, Нарын облусунда 11, Чүй облусунда 2, Баткен облусунда 1 киши бар.

Булардын арасында 18 медицина кызматкери жуктуруп алган. Алар: Бишкек шаарында 4, Ош облусунда 2, Ош шаарында 3, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 1, дагы 4 Нарын облусунда иштеген медкызматкерлер. Ошону менен жалпы 134 дарыгерден коронавирус табылды.

Жалпы республика боюнча коронавирус аныкталгандардын саны 554 кишиге жетти. 19-апрелде илдети аныкталгандардын ичинен үч бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды. Алардын экөө Бишкек шаарынан, бирөө Нарын облусунан. Республика боюнча жалпысынан 133 киши бул ооруну жеңип чыкты.

Учурда 416 адам ооруканада жатат. 16адамдын абалы оор, тогузу реанимацияга которулду. Калганынын абалы канааттандыраарлык.

Коронавирус табылган 554 жаран менен байланышта болгон 7877 киши аныкталды. Булардын ичинен 1769 адам жакын байланышта болгон. Обсервацияда миңден ашык киши жатат.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter