6-майда вирус жуктурган 28 жаӊы учур катталды
- 06.05.2020, 10:32,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда вирус жуктурган 28 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алар: Бишкек шаарынан-16, Чүй облусунан -2, Жалал- Абад облусунан -6, Баткен облусунан -4 адам.
Жаӊы вирус аныкталган 28 адамдын ичинен беш адам чет жактан келген. Дубайдан -1, Тажикстандын Ходжент шаарынан- 3 студент жана Душанбе шаарынан келген бир студенттен вирус аныкталган.
Жалпысынан 6-майга карата Кыргызстанда коронавирус 871 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 614 бейтап сакайды.