У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Грузияда жаман вирус жуктурган 2 бөбөк айыгып, үйлөрүнө чыкты


Дүйнөнү каптап, чекесинен далайдын өмүрун жалмап бара жаткан вирус Грузияны да жөн койгон жок. Вирус жуктургандардын арасында жаш балдар да бар. Грузия басылмаларынын маалыматына ылайык, Тбилиси шаарынын борбордук инфекциялык орууканасына 5 наристе жаман вирус жуктуруп, жаткырылган. Бактыга жараша алардын экөө оорудан толугу менен айыгып, үйүнө чыгарылды. 

"Ал эми калган үчөө ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.Абалдары туруктуу, өмүрлөрүнө коркунуч келе тургандай эч кандай кооптонуу жок, буюрса наристелер тез эле айыгып, ооруканадан чыгарылат" дейт оорукананын башкы дарыгери Марина Эзугбая. Ошондой эле алар наристелерден сырткары 16 адамды айыктырып, үйлөрүнө узатышкан. Эскерте кетели, Грузияда 21-апрелге чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter