Кыргыз дарыгерлери 78 бейтапты коронавирустан айыктырышты
- 15.04.2020, 11:32,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы 7 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Тактап айтканда Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынан 2 бейтап, Бишкек шаарынан 5 бейтап ооруканадан чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери таза чыккан. Ошентип кыргыз дарыгерлери жалпысынан 78 бейтапты жамал илдеттен айыктырышты.
"Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 78 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды”, - дейт саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.