У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жалал-Абадда коронавирустан 3 адам айыкты

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Жалал-Абадда коронавирус инфекциясы менен катталган 3 бейтап айыкканына байланыштуу ооруканадан чыгарыла турганын билдирди.  

Бул тууралуу Ош, Жалал-Абад облусунда коронавирус аныкталган адамдарды дарылаш үчүн Бишкектен кошумча медициналык бригада жөнөтүү учурунда айтты.

Анын айтымында, айыккандар бүгүн үйлөрүнө чыгарылат. Толугураак маалымат бейтаптар үйлөрүнө чыгарылгандан кийин берилерин кошумчалады.

«Айыккандар 1958, 1974, 1976-жылы туулган адамдар. Алар ооруканада 14 күндөн ашык жатып, эмделишкен. Алардын акыркы анализдери таза чыккан, рентгендин жыйынтыгы да жакшы болду. Бүгүнкү күндө бейтаптардын абалы жакшы»,- деп кабарлаган оорукана мүчөлөрү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter