Өзүн өрттөп жиберген жаран ооруканада каза болду
- 01.03.2023, 14:57,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өзүн өрттөп жиберген жаран ооруканада каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, маркум 44 жашта болгон. Ал алган жараатынан улам 1-мартка караган түнү каза болгон.
Маркумдун үй-жайы жок экени белгилүү болду.
28-февраль күнү түштөн кийин Бишкекте Киев жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши өзүн өрттөөгө аракет кылган.