У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жин чыгарам деп 1,5 жаштагы кызын өрттөп жиберген эне кармалды


Алтайда жин чыгарам деп бир жарым жаштагы кызын өрттөп жиберген аял укук коргоо органдары тарабынан кармалган.  Бул тууралуу “Известия” басылмасы жазды. 
 
Маалыматка караганда, окуя Алтай аймагынын Урожайное айылынын Октябрь көчөсүндө болгон. Аял кызы менен сейилдөөгө чыгып сейилдеп жүргөн учурда кызы отурган коляскага бензин чачып өрттөп жиберген.
 
Ал өзүнүн бул кадамын кызынын жиндерин чыгарууга аракет кылганы менен түшүндүргөн. Наристе алган жаракатынан улам, ошол жерден чарчап калган. 
 
Кызын өрттөп жиберген аял, окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылган. Бирок укук коргоо органдары тарабынан кармалган. окуяга аялдын 9 жаштагы уулу күбө болгонун Федералдык маалымат агенттиги кабарлады. 
 
Маалымат каражаттары кылмышка шектүү аялдын өрттөп жиберген наристеден башка дагы эки жашы жете элек баласы бар экенин жазышты. 
 
Кармалган жаранга кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter