Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алып дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы 15 адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы
Айнура Акматова брифингде билдирди.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 4 (эркектер -56, 56, 46 жашта, аял, 60 жашта);
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 2 (аялдар – 70, 71 жашта);
Ак-Талаа аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 61 жашта);
Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 55 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 5 (эркектер - 69, 67 жашта. Аялдар – 83, 50, 61 жашта);
Кадамжай аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 77 жашта);
Лейлек аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 75 жашта).