У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кочкордо асынып алган мугалимдин жолдошу: Аялымдын өз өмүрүнө кол салуусуна директор күнөөлүү


Кочкор районун Ак-Чий айылынын башталгыч классынын мугалими ушул жылдын 9-марттында асынып алган. Ал жасалма диплом боюнча прокуратурага сурак берип жүргөнү айтылган. Бирок маркумдун жолдошу жубайынын өз өмүрүнө кол салуусуна мектептин директору күнөөлүү деп эсептейт. Бул тууралуу маркум Гулзадат Чодонованын жолдошу Калмурат Кашкелемов Kaktus.kg'ге берген маегинде билдирген. 
 
Анын айтканына караганда, маркум 12 жылдан бери Ак-Чий айылындагы орто мектепте башталгыч класстарга сабак берип келген. Ал Арабаев атындагы КМУну сырттан бүтүргөн. Бирок квалификациясын жогорулатып туруу атайын курстардан өтүп турган. Мыкты мугалим катары жыл сайын райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн грамоталарды алып келген. Билим берүү министрлигинин да сыйлыгы бар. Окуучулары менен жакшы мамиледе болгон. 
 
«1-марттан 4-мартка чейин Гүлзадат мектепте иштеди. Ага чейин Нарын шаарында квалификациясын жогорулатуу боюнча кезектеги курстарын өтүп жаткан. 4-мартта, Кочкорго унаага тетик алганга чогуу бармакпыз. Күтүүсүздөн эле прокуратурадан телефон чалып, суракка чакыртып калышты. Ал эмнеге чакыртып жатканын билген да жок. Мен аны менен чогуу барып, бирок сыртта күтүп калгам. Жубайым чыгып эле, диплому жасалма деп шектелип жатканын айтты. Текшерүү жүрүп жатыптыр деди. Ага шектелип жатасың деп эле айтышыптыр. Эртеси күнү Гүльзадат жумушуна барган. Бардыгы жакшы эле болчу. Андан кийин улуу кызыбызга барып жолугуп келген. Себеби ал Түркияга кетип жаткан. Бир аз кызыбыздын жанында болуп, неберебизди алып калуу үчүн ишеним катты да жасатмак. 8-мартта туугандарыбыз үйгө жеткирип коюшкан, а мен малды жайытка чыгарып кеткен элем»,-деп билдирген ал. 
 
Каргаша болгон 9-март күнү эртеӊ менен маркумдун окуучулары келип куттуктап кеткен. Маркум түштөн кийин иштегендиктен, түшкө чейин үйүндө болгон.
 
«9-мартта күндөгүдөй эле эртеӊ менен үйдө болду, баары жакшы болчу. Болжол менен 11:30дар чамасында окуучулары келип куттуктап кетишти, андан кийин эле кесиптештери да келди. Окуучуларын мектепке жөнөтүп, өзү мугалимдер менен калган. Мен алар да куттуктап келген экен деп ойлогом, короодогу жумуштарды жасап жүргөм. Эшикке чыкканда, жубайымдын: "Бул адилетсиздик!" - деп айткан сөзүн угуп калдым. Көрсө, аны жумуштан бошотуп калган экен»,-дейт маркумдун жолдошу. 
 
 
Мугалимдер кеткенден кийин маркумга бирөө телефон чалган. Ал бул мектептин директору экенин айтып, телефонду коюп короого чыгып кетип, асынып алган. 
 
«Аялымдын телефонуна туугандарыбыз чалып калды. Мен телефонду алып ал менен сүйлөшүп жатканда жубайымдын кесиптештери конокко келип калышты. Жумайымды чакырсам, жооп берген жок. Складдын эшиги ачык калганын байкадым. Телефондон сүйлөшүп баратып, ошол жака басып баргам. Ичине кирип Гүлзадаттын асынып алганын көрдүм. Ал жерге тизелеп кулап түшүп, тумчугуп калыптыр. Мен кыйкырып эле, аны жиптен бошотуп, жасалма дем алдырганга аракет кылдым. Жубайымдын кесиптештери чуркап келип, колу-бутун укалай башташты. Бирок кеч болуп калган болчу»,-деп кошумчалаган Кашелемов. 
 
 9-март күнү эртеӊ менен мектептин директору маркумга чалып, диплому жасалма экенин, 10 миллион сом өлчөмүндө штраф төлөй турганын айткан. Мектептин мугалимдери аны жумуштан эмнеге кетиргенин сураганы келишкен.  
 
 «Директор аялымды кысымга алып, аны эбак эле жушутан кеткен деген чечимди жасоого аракет кылып жүргөн экен. Ошол күнү эртеӊ менен дипломуӊ жасмала экен, 10 млн сом айыппул төлөйсүӊ деп айтыптыр. Мен аялым менен сүйлөшүп жетишпей калдым. Бул ишти алып барган тергөөчү жумушка чыкпай эле. Директор болсо ооруп жаткан имиш. Балким, күнөөсүн сезип жатышкандыр, ошого жашынып жатышат. Белгилей кетсем, анын диплому жасалма экени далилдене элек болчу»,-деп билдирген жолдошу. 
 
Ал укук коргоо органдарга кайрылып аялымды өлүмгө жеткиришти деп арыз жазган.
 
«Аялымдын өзүнө кол салуусуна мектептин директору күнөөлү деп эсептейм. Райондук билим берүүнүн да буга тиешеси бар. Буга чейин да ушуга окшош окуя болгон болчу. Директор бир мугалимди жумуштан кетиргенде, анын окуучусу эжейин ордуна кайтаргыла деп өзүнүн кан тамырын кескен экен. Бул окуяны да жаап жашырышкан.
Биздин төрт балабыз бар болчу. Биринчи уулубуз рак оорусунан каза болгон, экинчиси авария болуп кырсыктап андан айрылдык. Эки баласынын өлүмүн баштан кечирген аял кантип дипломдун айынан өзүнө кол салсын? Демек аны ошого жеткиришти!»,-деп сөзүн жыйынтаган ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter