Курск облусунда сегиз жаштагы уулун өрттөөгө аракет кылган деп шектелген жергиликтүү тургунга кылмыш иши козголду. Лента.ру бул тууралуу Россиянын Тергөө комитетинин аймактык Тергөө башкармалыгынын сайтындагы билдирүүгө шилтеме берүү менен жазат.
Маалыматка ылайык, 15-март күнү кечинде 31 жаштагы эне үйүндө уулу менен болгон. Алардын ортосунда уруш чыгып, алар короого чыгышкан, апасы баласына тез күйүүчү суюктукту чачып, өрттөп жиберген. Бирок, ал кайра өрттү өчүрүп, дарыгерлерди чакырган. Бала үчүнчү даражадагы күйүк алып ооруканага жеткирилген.
Аялга карата “Өзгөчө мыкаачылык менен жасалган, жашы жете элек баланы өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынып, камакка алуу маселеси чечилип жатат. Окуянын чоо-жайы аныкталууда, тергөө иштери улантылууда.