Коронавирус илдетинен 91 адам айыкты
- 16.04.2020, 10:38,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда илдетке чалдыккан 466 адамдын ичинен 91 бейтап айыгып үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
«Бүгүн, 16-апрелде 13 бейтап айыгып үйүнө чыгарылды. Алардын кайра текшерүүгө алынган анализдери таза чыкты. Ошол менен 91 адам бул ооруну жеӊип, айыгып чыгышты», - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.