У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нурболот Үсөнбаев: "Көйгөйдү айтып чыккан дарыгерлерди кечирим суратуу туура эмес!"


2 күндөн бери интернет айыңында  Ысык-Ата районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген жаш дарыгер Бектур Апышевдин кечирим сураганы талкууга түшүп жатат. Ал  медицина кызматкерлерине кездемеден жасалган сапатсыз бет каптар берилип жатканын өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу жазып чыккан.  Көп өтпөй анын "Твиттер" аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектурдун "жалган айтып койгом" деген видео кайрылуусу тарады. Учурда  соцтармактардын колдонуучулары  "Бектур өзүн жалганчы кылып көрсөтүүгө аргасыз болду” дешип, дарыгерди колдоо максатында  #БекТур деген хэштегин  пайда кылышты.

Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлиги эмне дээр экен деп күтүп жаткан элдин демин басып, министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  бүгүн, 13-апрелде журналисттердин суроосуна жооп берип жатып  медицина кызматкерин ишиндеги көйгөйдү айтып чыккан үчүн кечирим суратуу туура эмес экендигин айтты. Анын айтымында, азыр бул багытта түшүндүрүү иштери жүрүп жатат:

"Координаторлор, жектекчилер менен тыгыз жумуш жүргүзүүдөбүз. Иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жанагыдай үстүнөн кысым көрсөтпөө аркетин жүргүзгүлө деп айтып жатабаз. Алар кандайдыр бир көйгөйдү айтышы мүмкүн. Эртеси күнү телевизорго же соцтармактарга чыгарып, кечирим суратуу негизи туура эмес" дейт министрдин орун басары. 

Негизи эле Бектурга чейин эле соцтармактарда  медицина кызматкерлеринин жеке коргонуу каражаттары жетишсиз экени, транспорт менен камсыздалбаганы тынымсыз эле айтылып жаткан.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter