Биздин дарыгерлер дагы 3 адамды коронавирустан айыктырышты
- 04.04.2020, 14:35,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бактыга жараша Кыргызстанда дагы 3 адам апаат вирустан айыкты. Тагыраак айтканда бүгүн, 4-апрелде коронавирустан айыккан үч бейтап Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты. Айыккандардын экөө 24-25 жаштагы эркек жана 45 жаштагы аял киши. Бейтаптардын абалына канааттандырарлык деген баа берилди. Алардан кайталап алынган ПЧР анализи коронавирус жок экенин көрсөткөн.
Бүгүнкү күндө COVID-19 диагнозунан жалпы
тогуз адам айыкты.