У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Саламаттыкты сактоо министрлигин кайтарган милициядан вирус аныкталды


Вирус айланада эле жүрөт...Буга КР Саламаттык сактоо министрлигинин имаратын кайтарган милиция кызматкеринен коронавирус табылганы мисал болду.  Бул тууралуу 14-апрелде маалымат булактарынын бирине  министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин министрликке келип-кетип иштеген кызматкерден коронавирус табылгандан кийин калгандары да текшерүүдөн өткөрүлгөндө милиция кызматкеринин биринен да коронавирус табылган.

«Контакт катары деп министрликте иштеген кызматкерлерди текшергенде постто турган милиционер жигиттен чыкты. Түз контакт эмес, балким, башка жерден жугузуп алгандыр. Бул убагында текшере калгандын пайдасы», - дейт Үсөнбаев.

Үсөнбаев ал милиционердин да контакттары изилденип, ооруну жайылтып жибербеш үчүн чара көрүлөрүн айтты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter