У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Күйөөм УКМКда иштейт, кое бер" деп постто тургандарды опузалаган жарандын видеосу тарады

Ош шаарында посттордун биринде оозго алгыс сөздөр менен постто тургандарды тилдеп жаткан аялдын видеосун интернет колдонуучулары жарыялашты. Тосмодон өткөргүлө деп адепсиз сөздөр менен тилденип, ачууланган жаран "Менин күйөөм УКМКда иштейт, коё бер мени" деп кыйкырганын видеодон көрүүгө болот.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет териштирүү жүргүзүп, аялдын өздүгүн тактады. Ызы-чуу салган аялдын жолдошу УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын медициналык пукнтунда жарым күндүк ставкада иштеген, Ош шаардык ооруканасынын дарыгери Гамил Аманов болуп чыкты. 

Аялынын тартипсиздигинен улам 2020-жылдын 1-апрелинен тарта анын күйөөсү, дарыгер Гамил Аманов менен УКМКнын келишими бир тараптуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter