- Акыркы учурда гинекологиялык оорулардын күч алып жатканын адистер айтышууда. Дарыгер катары айтсаӊыз оорулардын көбөйүүсүнүн башкы себеби эмнеде?- Оорулар азайбайт экен. Социалдык абал оорлошкон сайын оорунун саны өсүп, жашарып баштайт. Акыркы жылдары элдин жашоо- шарты бир топ кыйындай түштү. Экономикалык абал калктын саламаттыгына түздөн – түз таасир этет. Элдин баары көр тирилик деп саламаттыгына көп көӊүл бурбайт. Союз учурундагыдай алдын ала текшерүүлөр болбойт. Ошондон улам оорулар күчөп, өтүшүп, көбөйүп жатат. Азыр кыз- келиндер көбүнчө сезгенүү оорулары менен көп жабыркайт. Сезгенүү ооруларына биздин аялдар көп маани бербейт жүрө беришет. Кээде көрүүнгө шарт туура келбей калат. Негизи аялзаты эч кандай көйгөйү болбосо да жылына эки жолу гинекологдун көзөмөлүнөн өтүп туруусу керек. Эки жолу келе албаса, жок дегенде жылына бир жолу келүүсү шарт. Ооруну дарылаганга караганда алдын алган жеӊил экенин түшүнүүбүз зарыл. Ошондуктан айымдарга айтарым, балдар, тирилик деп өзүн карабай таштап салбастан өз саламаттыгына көӊүл буруусу керек. Убагында дарыгерлерге кайрылып, текшерүүдөн өтүп, анализдерди тапшырып, оорулардын алдын алуусуна чакырам. Бардык оорунун алдын алса, жаӊы башталаганда дарыласа, айыктырса болот. Негизи көп оорулар суук тийгенден, сезгенүүдөн улам келип чыгат. Сезгенүүнү дарылабай жүрө берсе, ал өтүшүп кетип башка көп ооруларды козгойт. Ошондуктан бир күн убакыт таап, текшерүүдөн өтүп туруу көп көйгөлөрдүн алдын алмак.
- Текшерүүдөн өтпөй эле кош бойлуу болгон аялзатынын саны абдан эле көп болсо керек. Сезгенүү оорулары кош бойлуу учурда түйүлдүккө кандай коркунуч жаратат?- Кош бойлуу болордун алдында текшерүүдөн өтүп, көйгөйлөрү бар болсо дарыланып андан соӊ кош бойлуу болуусу керек. А бизде антпейт. Боюна болуп калгандан кийин гана, кош бойлуумун каттоого турушум керек деп келет. Анда да кеч келишет. Биздин аялдар, келиндер кош бойлуулукка кайдыгер мамиле жасашат. Бул туура эмес. Балалуу болордун алдында 2-3 ай эрте келип текшерүүдөн өтсө, кош бойлуу учурда көйгөй жаралбай, ден соолугу чыӊ балалуу болушат. Азыр бизде аз кандуулук оорусу аябай көп болуп жатат. Кош бойлуу аялдардын 50 пайызы аз кандуулук менен жабыркайт. Муну дарылап, төрөт учуруна чейин канды өз нормасына жеткирүү керек. Гемоглобиним аз экен десе, апаларыбыз да ой эч нерсе болбойт, мен да ошентип төрөгөм деп маани бербейт. Аз кандуулукка маани бербей койгон туура эмес. Төрөт учурунда гемоглобиндин төмөндүгү эне менен баланын өмүрүнө чоӊ коркунуч жаратышы мүмкүн.
- Акыркы учурда тубаса оору менен төрөлгөн балдардын саны көбөйүүдө дешет, бул чындыкка дал келеби?- Туура айтасыӊ, акыркы кездерде тубаса оору менен төрөлгөн наристелер көп болуп жатат. Мунун эӊ негизги себеби экологиянын бузулушу жана тамак- аштардын ашыкча химикаттар менен өстүрүлүшү десек болот. Чынында экология абдан бузулду, абанын баары чаӊ, түтүн, бензин. Дени сак баланын төрөлүшү үчүн дем алып жаткан кычкылтектин ролу чоӊ. Анан жеген тамак- ашыбыздын пайдасынан да зыяны көбүрөөк болуп жатат. Азыр жер- жемиштердин баарына эле дары- дармектер кошулат. Дыйкандарыбыз да элдин саламаттыгын ойлобой, акчанын артынан кууп, түшүмдү жакшы алуу үчүн ар кандай химикаттарды кошуп жатышат. Алардын көрсөтүлгөн чекти сактап жатканын же көп колдонуп жатканын текшерген киши барбы- жокпу билбейбиз. Азыр жер- жемиштерди жегенден коркосуӊ.
- Ошондо балдарыбыздын ден соолугуна өзүбүз эле зыян келтирип жаткан турбайбызбы…- Ооба, ошондой десек болот. Жер- жемиштерди азыр өзүбүз эле өстүрүп жатабыз да. Түшүмдү жогорулатуучу, бат бышыра турган, көлөмүн чоӊойто турган, курт- кумурскадан сактоочу, кыскасы азыр баарынын дары- дармеги бар экен. Биздин дыйкандар ушул дарылардын баарын колдонуп, акча артынан кууп жатканы өкүндүрөт. Акча таап жатканы чын, бирок ошол эле учурда келечектеги балдардын да тубаса оору менен төрөлүп, улуттун саламаттыгын талкалап жаткандарын да түшүнүшсө жакшы болмок. Негизи эле дыйкандарга да атайын сабактарды өтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, дары- дармектер менен өстүрүлгөн жер- жемиштер саламаттыгыбызга чоӊ коркунуч жаратарын айтып, азыртадан алдын албасак кийин кеч болуп калышы мүмкүн деп ойлойм. Колдон келсе телевидение, радиолордон ушул туурасында маалыматтарды көбүрөөк берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, текшерүүнү күчөтсө улуттун саламаттыгынын сак болушуна кам көргөн болот элек. Келечекте төрөлө турган балдар, менин, сенин, ошол эле дыйкандын кызы, баласы, небереси болорун эстен чыгарбасак.
-
Наристелердин тубаса оору менен төрөлүшүнө ата- энелер өздөрү да себепкер дегендер да жок эмес. Мисалы, убагында каттоого турушпайт, дарыланышпайт. Чынында бизде өз баласынын ден соолугуна кайдыгер караган ата- энелер да барбы?- Кыргыздын менталитеттин жакшы билесиӊер да, биз деле ушинтип төрөгөнбүз, тоодо эле, дарыгерге көрүнбөй эле көз жарып алгам деген түшүнүктү азыркы күнгө чейин карманышкандар бар. Бул туура эмес. Илгерки заман менен азыркыны салыштырбаш керек. Ал кезде баары таза, ден соолук чыӊ болчу. Азыр абал оор. Кош бойлуу кезде аялга кылдаттык менен мамиле кылбаса болбойт. Келин эмес, азыр кыздардын ден соолугу начар. Ошол себептен кош бойлуу кезде жолдошу, ата- энеси да аялга жакшы мамиле кылып, жакшы караса, ден соолугу чыӊ балалуу болот. Азыр эрте каттоого туруп, текшерүүдөн өтүп турбаса баланын да эненин да өмүрүнө коркунуч туулушу мүмкүн.
- Айрым өлкөлөрдө тубаса оору менен төрөлө турган балдарды кош бойлуу кезде эле бойдон алдыртып салат экен. Бизде кандай?- Бизде менталитет бир аз башкачараак эмеспи, бирок ошого карабай акыркы убакта тубаса оорусу бар экени аныкталса, ата- энелерге айтып, өз кеӊешибизди берип жатабыз. Бул суроо боюнча атайын адистер, дарыгерлер тобу иштешет. Комиссия түзүлгөн, ошолордун чечими, ата- эненин макулдугу менен ишке ашат.
Жаркынай Кадыркулова