У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик: "Дарыгерлердин ооруга чалдыкканын иликтөө дүйнөлүк практика, бул жерде башка себеп жок"


Башка өлкөлөрдөй эле бизде да дарыгерлер массалык түрдө илдет жуктуруп алышканы маалым болгон. Эмне себептен дарыгерлер жугузуп алганы изилденип, алгачкыларынын жыйынтыгы чыкты. Тактап айтканда  Ала-Бука районундагы ооруканада дарыгерлердин COVID-19 вирусун жуктуруп алгандыгы иликтенип бүттү. Эми Ош шаарында жана башка жактардагылары иликтенип жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Жогорку Кеңеш комитеттеринин жыйынында маалымат берип жатып билдирди. Анын айтуусунда, дарыгерлердин ооруга чалдыкканын иликтөө дүйнөлүк практика, бул жерде башка себеп жок. 

Эскерте кетели, 14-апрелге карата өлкө боюнча 79 саламаттык сактоо кызматкери вирус жуктуруп алганы айтылган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter