У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министр Сабиржан Абдикаримов кырдаалды түшүнбөстүгүн, жоопкерчиликсиздигин көргөздү…


Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов отурганда эле ээрге кыйшык отурду. Бул министр азыркы учурда эӊ биринчи вазийпасы илдет менен күрөшүү экенин анчалык этибар алган жок.

Мына алгач эле министр Сабиржан Абдикаримов Кытайдын элчиси менен жолугушканда кырдаалды түшүнбөстүгүн, кенебестигин көргөздү. Жолугушууга маска тагынбай барып, өзүнүн  жоопкерчиликсиздигин далилдеди. Шорубуз али алдыда окшойт.

Жок дегенде, өзүн ойлобосо дагы, дипломатиялык мамилени сактап, бирөөгө шектенүү, коркунуч жаратпайын деп ойлобойбу? Түшүнүк деген жок экен. Жардам көргөзүп жаткан Кытай мамлекетинин элчиси министрдин кейпин көрүп кандай ойдо калды экен. Мындай түрү менен элдин жоопкерчилигин тарта албайт. Карапайым калкты маска кийгиле, болбосо айып тартасыӊар дейт да, министр өзү минтип «үлгү» көрсөтүүдө…

Дегенибиз, буга дейре мындан он жыл мурда министрдин орун басары рангындагы Башкы санитардык врач болуп иштеп турганда, дарыгерлер наристелерге бир жолу сайылчу шприцтерди кайра-кайра колдонуп, СПИД оорусун жугузушкан окуя парламентте талкууланганда, окуяны жашырган деп дал ушул Сабиржан Абдикаримовдун кулагы чыккан жайы бар.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter